歌词
Токоюн бойлоп баратсан,
Суктантып көздү караткан.
Алыстан келген адамдын,
Кеткиси да келбейт Таластан.
Береке нурун сепкен жер,
Каныкей жашын төккөн жер.
Хан Бакай-Кошой баш болуп,
Кабылан Манас өткөн жер.
Ак шумкар сызып учкан жер,
Атагын дүйнө уккан жер.
Чокусу бийик Таластын,
Чолпонбай, Чыңгыз чыккан жер.
Ак чөлмөк ойноп тан аткан,
Айлуу түн бизге жарашкан.
Канчалык ойноп күлсөм да,
Кумарым да калбайт Таластан.
专辑信息
1.Таласым
2.Мөлмөлүм
3.Эл Тилеги
4.Ильяздын Ыры
5.Ата Мекеним
6.Айылды Сагындым
7.Садагам Оштой Жеримден
8.Таң Сыры
9.Тумарым