歌词
Көз артат көптөр жериме,
Көз мончок тагып койсомбу?
Көркөмүң дагы арттырып,
Көпөлөк болуп консомбу?
Сук артат көптөр жериме,
Айланып сууну чачсамбы?
Ан сайын көркүн арттырып,
Ак марал болуп барсамбы?
Сактасын суук көздөрдөн,
Садагам Оштой жеримди.
Сулайман пирим колдосун,
Жоо жүрөк, баатыр элимди.
Колумдан келсе, туулган жер,
Көз тумар болуп тагылсам.
Уулуңду кимдер талашмак,
От жалын болуп жагылсам.
专辑信息
1.Таласым
2.Мөлмөлүм
3.Эл Тилеги
4.Ильяздын Ыры
5.Ата Мекеним
6.Айылды Сагындым
7.Садагам Оштой Жеримден
8.Таң Сыры
9.Тумарым